Бүгүн, 16-январда “Республика-Ата-Журт” фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабанов социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу билдирүү таратты:
“Урматтуу өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары.
Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам.
Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар.
Тилекке каршы кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат. Бүгүн болсо “Де-Факто” гезити дагы калп маалымат жазып, аны башка сайттар дагы чыгарышты. “Де-Факто” гезитин макаласын дагы төгүндүккө чыгарууну сурайм.”
“Де-Факто” гезитин азыр Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Иса Өмүркулов менен Автандил Кулбараков көзөмөлдөшөт.
Акыркы жылдарда “Де-Факто” гезитинин кожоюну Илим Карыпбеков болгон. Ал КТРКнын гендиректору болуп дайындалгандан кийин гезитти КСДПнын карамагына өткөрүп берген. КСДП гезитти алгач депутат Жанар Акаевге берип, партиянын кызыкчылыгында иштетүүнү тапшырган. Бирок, Жанар Акаевдин гезиттеги ишмердиги жакпай андан тартып алышып, Иса Өмүркулов менен Автандил Кулбараковго беришкен.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ