Menu

Фото – Вашингтондо Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту

Бөлүшүү:

16-январда үч күндүк расмий сапар менен Вашингтонго келген Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Акыркы жолу Назарбаев Акүйдө расмий сапар менен 2006-жылы болгон.

Президент Трамп аймактык коопсуздук маселесинде Казакстан маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, Ооганстанда терроризм менен күрөшүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылыгын айтты.

Президент Назарбаев Трамптын президент болуп шайланышынын бир жылдыгы менен куттуктап, АКШ менен Орусиянын ортосундагы саясий мамилелердин начарлаганына тынчсыздануусун билдирди.

“Американын көз карандысыздык жана аймактык бүтүндүгүбүзгө көрсөткөн колдоосун Казакстан жогору баалайт ”, – деди Назарбаев.

Назарбаев Казакстанда америкалык ири мунай компаниялар иштеп жатканын эске салды. Ал казак тарап америкалык компаниялар менен 7,5 миллиард АКШ долларына тете 20дан ашуун келишим түзүүнү пландап жатканын айтты.

Назарбаевдин билдиришинче, Астана “Боингдерди” жана “Женерал Электриктен” 900 электровозду сатып алууну көздөөдө.

Назарбаев АКШдагы бул жолку сапары учурунда, 18-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинде өзөктүк куралды жайылтпоо маселесине арналган жыйынга да катышат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: