Ташкентте Таштүрмө деген ат менен белгилүү №1 абакта кармалгандарды жаңы курулган колонияга которушууда.
№1 абактын кызматкерлеринин айтымында, учурда Таштүрмөдө 20дай көзөмөлдөөчү калды. Камактагыларга тамак-аш жана кийим берүү токтотулду. 15-январдан тарта аларды Зангиота районунда салынган жаңы абакка жеткиришүүдө.
Таштүрмөдө төрт корпус бар. Соңку мезгилдерде колонияда 2,5 миң киши кармалып келген. Жаңы тергөө абагы – тогуз бөлүктөн турган жылдызча түрүндөгү комплекс.
Таштүрмөдөгү көзөмөлдөөчүлөрдүн биринин айтымында, тергөө изоляторундагы камералардын баары жаңы жабдуулар менен жабдылган.
2015-жылы Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына байланыштуу өткөн БУУнун жыйынында өзбек делегациясынын өкүлдөрү жаңы абак курулуп жатканын билдиришкен. Өзбек бийлиги бул бардык эл аралык талаптар сакталган КМШдагы жалгыз абак болот деп эсептейт.
Буга чейин Таштүрмөнүн айланасы каралбай калганы айтылып келген.
https://www.youtube.com/watch?v=xVjShl4QzSA&feature=youtu.be
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ