Menu

Фото – Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча Вице-президенти Сирил Мюллер менен биргелешкен кызматташтыктын келечек пландарын талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-январда, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча Вице-президенти Сирил Мюллер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле жакынкы жылдарга карата биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.

Өкмөт башчы Дүйнөлүк банк Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөрүнөн болуп эсептелээрин баса белгиледи жана анын жетекчилигине өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр ошондой эле Сирил Мюллердин өлкөгө болгон сапары эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлинин мисалы катары саналарын белгиледи. Сапар Исаковдун айтымында, атамекендик экономиканын дээрлик бардык тармактарында Дүйнөлүк банктын катышуусу камсыздалган, буга байланыштуу өлкөнүн Өкмөтү тыгыз биргелешкен ишти улантууга ниеттенүүдө.

Сапар Исаков Өкмөттүн «DigitalCASA» чек аралык телекоммуникациялык тармакты түзүү боюнча долбоорду жана «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруу боюнча пландарына токтолду.

Өкмөт башчы ошондой эле «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасынын негизги багыттарын белгиледи жана аны ишке ашыруу боюнча деталдык планды иштеп чыгуу үчүн бардык мамлекеттик органдардын, ошондой эле жарандык коомчулуктун күч-аракети бириктирилгендигин айтты.

Буга катар Премьер-министр Бишкек жана Ош шаарларындагы «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырылышын баштоо, салык жана бажы тармактарындагы санариптештирүү, мамлекеттик органдардын ишин оптимизациялоо, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар тутумун жакшыртуу жана  салмак көлөмдүк көзөмөл боюнча Өкмөттүн жакынкы пландары тууралуу билдирди.

Премьер-министр «Таза Коом» санариптик трансформация программасынын негизги бөлүгү чет элдик инвестицияларды тартуу менен ишке ашырылаарын белгиледи.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Сирил Мюллер акыркы жылдары эки тараптык мамилелердин активдешкенин белгилеп кетти, ага өлкө экономикасынын маанилүү тармактарындагы ар түрдүү долбоорлор бирге ишке ашырылып жаткандыгы күбө болот.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосуна муктаж болгон аялуу секторлорду аныктоо үчүн Кыргызстандын экономикасын комплекстүү изилдөөсүн даярдоодо жыйынтоочу баскычта турат.

Сирил Мюллер белгилегендей, Дүйнөлүк банктын ишмердүүлүгү эки негизги милдетке жетишүүгө – жакырчылыкты жоюу жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган.

Ал аталган максаттар өкмөттүн «Жаңы доорго-кырк кадам» программасында так көрсөтүлгөндүгүн белгилеп, аны ишке ашырууда көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

«Кырк кадам – амбициялуу программа жана жалпы элдин жыргылчылыгын жогорулатууга багытталган. Кыргызстан аймакта санариптештирүү боюнча алдыңкы өлкө, бул дагы сиздердин программаңыздарда чагылдырылган», – деди Сирил Мюллер.

Жолугушуунун жыйынтыгында  тараптар өлкө экономикасынын ар кыл тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан ары конструктивдүү кызматташууга жана эки тараптуу мамилелердин мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга даяр экенин билдиришти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: