Menu

Сапар Исаков күтүүсүз жерден кызматынан кол жууйбу?

Бөлүшүү:

Балапан” өкмөттү ийгиликсиз жетектеп келе жаткан Сапар Исаковдун дарегине башынан эле өтө көп сын-пикирлер айтылып келаткан. Бирок, акыркы учурларда ага карата чабуул күч алып, буга чейинкиси, учурдагы кадамдары иликтенип, компроматтар ыргытыла баштады. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков да коомчулукта айтылып келе жаткан: “ажо коррупцияга каршы башкоррупционер өкмөт башчы болуп турганда кантип күрөшөт, ага эл кантип ынанат?”- деген пикирлерди уккандыр. Андыктан, Сапардын кетишине президент деле кызыкдар болушу мүмкүн.

Жаңы жылдын алдында ар дайым төлгөсү төп келип жүргөн биздин гезиттин төлгөчү-эксперти Света Тойгонбаева: “Мага келген аяндарга караганда “кыйратып иштеп жатам, жөнөкөй премьер- министр болдум. Элди аралап жүрөм, маселени жеринде чечем” дегенине карабай Сапар Исаков күтүлбөгөн жерден кызматынан кол жууйт. Аны кыртышы сүйбөгөндөр көп. Кыскасы, күтүлбөгөн жерден кызматтан кетет. Ал эле эмес, Абдил Сегизбаев жана Индира Жолдубаева да ээлеп турган кызматынан кетет. Үчөөнүн бирөөнө кылмыш иши козголот”- деп айткан болчу. Окуялардын өнүгүшүнө караганда, бул төлгө чындап ишке ашчудай. “Үчөөнүн бирөөнө кылмыш иши козголот” дегени – Сапар Исаковго болушу мүмкүн. Мисалы, “Лигласс” чыры турат, жаңыдан “Хаувей” компаниясына “Коопсуз шаарды” кармата койгону турат. Мунун ар бири боюнча далилдүү көптөгөн фактылар прессага чыгууда.

Жакында жарандык активист Адил Турдукулов “Манас” аэропортуна авиаке­росин саткан Максим Бакиевдин “Central Asia Fuels” компаниясы уюштурган коррупциялык схемага азыркы премьер- министр да активдүү катышканын жар салды: “Россия бүт дүйнө жүзү боюнча жылына 1 миллион тонна авиакеросин экспорттосо, анын жарымын, башкача айтканда 500 миң тоннасын бизге, Транзиттик ташуулар борборуна жөнөтөт. Анын 1 тоннасынын баасы – 30 миң рубль. Натыйжада жылына жарым миллиард доллар табышат. “Кумтөр” алтын кени биякта эле калат. Россия Кыргызстанга жөнөткөн авиакеросинге пошлина албайт. Кыргызстандын чакан авиапаркы мынча көлөмдө, Шереметьево менен Домодедово эл аралык аэропорттору экөөсү бириккенде да иштете албай турган көлөмдө авиакеросин керектебесин баары эле билип турушкан, бирок баары “бармак басты көз кысты” мамиле жасашкан”.

А.Турдукулов ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун россиялык “Газпром” ишканасынын башкармалыгынын төрагасына жазган катынын сүрөтүн жарыялады. Ал катта премьер-министр Чудинов кыргызстандык Central Asia Fuels компаниясына айына 40 миң тонна авиаке­росин жеткирип турууну улантууну суранат. “Бул катты ким даярдаган? Ал учурда Чудинов башкарган өкмөттүн тышкы сая­сат бөлүмүн Сапар Исаков жетектеп турган. Андан кийин Сапар Исаков Максим Баки­евдин ЦАРИИсинин тышкы коммуникациялар бөлүмүн башкарууга өткөн, ал эми 2010-жылдын 7-апрелинен тартып, КР Президентинин тышкы саясат бөлүмүн тынымсыз башкарып келди. Эң акырында айтчу сөз, Сапар Исаков учурда Транзиттик ташу­улар борборуна күйүүчү майларды саткан “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп да иштейт”,- деди А.Турдукулов “Ве­сти.кг” сайтына берген маегине.

Чынында, А.Турдукулов бул фактыларды айтып чыгып, американы ачкан жери жок. “Майдан” гезити былтыр ала жазда эле, Сапар Исаковдун аты Атамбаевдин мураскерлеринин тизмесинде айтыла баштаган чакта бул “балашканын” бейнесин жарыялаган. Анда Максим Бакиев менен байланышы мыкты болгонуна кеңири токтолгонбуз. Ар бир кадамын теледен көрсөтүп, “пиар” жасаганды жакшы көргөн балашка премьер-министр айыбы ашкереленип, чындыкты айтып чыккандар менен тирешкенден көрө намыстуу жигит экенин көрсөтүп, өзү эле кетип калбайбы десең… Же иштеген ишинде жарытылуу жыйынтык көрүнбөйт. Же ба­лашка саясатта жомоктогудай бийиктиктерге жеткирген аташкасы Алмаз Атамбаевдин кайрадан келишин күтүп, билип, эч кимди тоготпой жатабы?

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: