Menu

Дайыр Орунбеков, журналист: “Илим Майрамбекович, кечирип коюңуз, мен сизди эми түшүндүм!”

Бөлүшүү:

Кечээ, улуу урматтуу Илим Майрамбекович айылдыктарды “бухариктер” деп жазганда мен ага таарынып, керек болсо айылдан көрүп калсам төпөштөп да койгум келген. Эми ал оюмдан кайтып, кечирим сурап жатам. Себеби, Илим агабыз жалпы айылды эмес, өзү чоңойгон айылын эле жазган экен. Кийин өзү түшүндүрүп жазып берди.

Илим Карыпбеков 16 жашында ата­сы, апасы үчөө нанга жетпей отурса, анын айылдаштары топтошуп алып арак ичип, карыздап, тоноп, уурдап болсо дагы аракка тоюшчу экен. Байкуш, Илим агабызга жардам берген эч ким болбоптур. Баары эле ылжып мас, көзүнө көрүнгөндү уурдап, элди тоноп арак ичкендердин айылында чоңойуп, арак көкөйүнө көк таштай тийиптир. Илим Карыпбеков чонойгон айылы дагы деле оңолбоптур. Азыр деле көп ичкенин Илим Карыпбеков өзү жазды:

“…Тилекке каршы мен өсүп чонойгон айылдарда, мен азыр барып, көрүп жүргөн айылдарда дагыле арак ичүү маселеси өтө оор болуп турганын көрүп, байкап жүрөм. Мен айылдан 16 жашыма чейин чыкпай өскөн баламын. Апамдын, атамдын пенсиясы 17-18 күнгө эле жетчи үчөөбүзгө, ошондо карызга кошуналардан жүгүрүп барып нан сурап, жарым кило кумшекер сурап жашаган күндөрүм болгон. Мындай абал биздин гана үйдө эмес, кошуналардын, айылдаштардын көбүндө болгон! Жалгыз керза өтүгүмдүн томугу аттын үзөнгүсүнө жешилип, тешилип калганда 1-2 айлап окууга барбай калган күндөрүм болгон. Ошол учурда биз үй-бүлөбүз (атам. апам, мен) акчабыз нанга, мага жаман өтүккө жок болуп турган учурда айылыбыздын үч кошкон, төрт кошкондорунда айылдын эркектеринин бир тобу күндө майрам, күндө той болуп, үйлөрүндө кыйналып аткандыгына карабай аракка дайыма карыздаса да, тоносо да, уурдаса да акча таап ичип аткандарын күнүгө эле көрчүмүн. Азыр деле ушундай учурлар бар экенине дагы эле тилекке каршы күбө болуп жүрөм”,- деп кайра түшүндүрмө жазды.

Илим Майрамбекович өзүнүн айылдаштарын, туулуп өскөн айылын “алкаштар” деп жатса эле мен чычалай берипмин.

Мен чонойгон Алайкуумда эли ак жүрөк, барсаң кымызын сунуп, козусун соёт. Арак ичкендер жок деп айтпайм, би­рок Илим Карыпбеков чоңойгон айылдагылардай тоноп ичкен эч ким жок. Той топурда гана ичип койчу, азыр аракты дагы сатканга тыюу салып коюшту. Мен, ушун­дай аруу эл жашаган Алайкуумду эч качан жамандабайм. Туулган жердин топурагы алтын. Туугандарыңды эч качан “бухарик­тер, уурулар, тоногуч каракчылар”- деп абийирин ачпаш керек. Ошондуктан Илим ага мени кечирип коюңуз! Бирок инилик кеңешим, туулуп өскөн, киндик кан тамган айылыңыздын абийирин ачкан жак­шы эмес! Ошол сиз айткан “бухариктер”: “Илим Карыпбеков биздин айылдан чыккан азамат!”- деп, сиздин жакшы сөзүңүздү уккусу келип жүргөндүр.

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: