Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
КР Өкмөтү тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун 2-окууда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова алып чыкты.
Долбоордо “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинин жаңы редакциясында массалык маалымат каражаттарын (ММК) каттоо (кайра каттоо), ММКнын иш-аракетин токтотуу тартиби КР Өкмөтү тарабынан аныкталышы көрсөтүлгөн. Ошондой эле, мыйзам долбоору менен ММКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо, массалык маалымат каражаттарын түзүү, кайра каттоо жана ишинин токтотулушу жөнүндөгү ММКнын мамлекеттик реестрине киргизүү аркылуу 10 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылаары белгиленген.
Талкуу маалында депутаттар мыйзам долбоору боюнча берилген суроолорго КР Юстиция министрлигинин өкүлү жооп бере албагандыгын сынга алышты. Айрым депутаттар мыйзам долбоорунун чийкилигин, баяндамачынын өздөрү демилгелеген мыйзам долбооруна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жарытылуу жооп бере албагандыгын белгилешип, долбоору четке кагуу сунуштарын беришти.
Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова демилгечилердин даяр эместигинен улам мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуш кылды. Көпчүлүк депутаттар сунушту колдоого алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ