Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Улан Примовдун кыргыздагы мен деген байлардын бири экени айтылып жүрөт. Ал медиамагнат болгонго кызыгып, аракет да кылып жүрөт окшойт. “Ошпирим” деген телеканал дал ушул Примовго таандык экенин эл билет. Бул канал бүт республикага тартпайт.
Укмуш болуп кетпесе да, ортозар каналдардын бири. Айтор келечеги бар. Мындан 2 жыл мурун Примовдун “Де факто” гезитин да сатып ала коюп, кайра кандайдыр бир себептер менен башкаларга өткөрүп бергени да айтылып жүрөт. Эми болсо дагы бир канал ачууга белсенип киришип жатыптыр. Анысы жакында ачылат экен. Баса, ал каналды ачуу демилгеси белгилүү журналист Назира Ахмедовага таандык экен. Демек, телеканалды тажрыйбасы мол Назира айым жетектейт. Эң башкы демөөрчү болсо Примов. Эмне демекчибиз, телеканал деген саясатчыга чоң курал эмеспи. Бирок саясый кызыкчылыктын каналы болбой, элдик канал болсо дейт элек.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ