“Жаратман эл” деген бир партия чыгыптыр. Азырынча аты бар, заты жок. Заты жок дегенибиз азырынча бул партияны эл билбейт. Жасаган эмгеги да белгисиз. Кыязы, жаңы түзүлсө керек. Айтор, бул партиянын ана башчылары журналист журтчулугуна маалымат жыйынын өткөрүп, өздөрүнүн “гениалдуу” идеяларын айтыптыр. Булар шайлоодо күрөөгө коюлган 5 млн. сомду 1 млн. сомго чейин азайтуу жана 30 миң кишинин колун топтоону да азайтып, аны 10 миңге азайтууну сунуш кылышыптыр. Алардын ою боюнча күрөө менен кол топтоонун саны чоң болуп, колунда жоктор шайлоого катыша албай жатыптыр. Алар жалаң эле байлар шайлоого катышып жатышат дейт. Бул жагы туура деңизчи. Бирок күрөө менен кол топтоонун санын азайтуунун кереги жок. Бүт дүйнөдө ушундай. Бул эми популисттик кадамдардын бири. Себеби, бул маселе ишке ашпаган маселелердин бири эмеспи.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ