Menu

«Добуш» кыймылы»: Орусия ММКлары шайлоо тууралуу мыйзамды бузушууда

Бөлүшүү:

Шайлоочулардын укуктарын коргоо менен алектенген орусиялык «Добуш» коомдук уюму өлкөдө шайлоо алдындагы маалда телеканалдар «мыйзамсыз үгүт жүргүзүп жаткандыгын» билдирди.

Шайлоо өнөктүгү башталган 20 күндүн ичинде уюмга талапкерлердин бири үчүн мыйзамсыз үгүт жүргүзүү белгилери бар сюжеттердин телеканалдар аркылуу көрсөтүлүшү тууралуу 55 билдирүү келип түшкөн.

Маалыматка караганда, телеканалдардын айрым берүүлөрүндө башка талапкерлерге багытталган терс мүнөздөгү үгүттөр дагы бар. Келип түшкөн билдирүүлөрдө мыйзам бузган ММКлар катары төрт федералдык телеканал (ВГТРК, «Биринчи канал», «Бешинчи канал», НТВ) жана өлкөнүн 33 аймагындагы 42 жергиликтүү канал көрсөтүлгөн. Мындай сюжеттерди алгачкылардан болуп федералдык, андан соң аймактык жана жергиликтүү телеканалдар чыгара башташкан.

«Сюжеттердин көбүндө Владимир Путиндин профессионалдык ишмердүүлүгүнө же Орусиянын президенти катары кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланышпаган маалыматтар айтылууда. Булардын ордуна кол топтоо, шайлоо штабдарынын ачылышы өңдүү маалыматтар берилүүдө. Мындай сюжеттер сөзсүз түрдө президентикке талапкерлигин койгон Владимир Путинге карата шайлоочулардын жакшы мамилесинин калыптанышына түрткү болууда», — деп айтылат кыймылдын билдирүүсүндө.

«Орусия президентин шайлоо тууралуу» мыйзамга ылайык, ММКларда үгүт иштери добуш берүүгө 28 күн калганда (быйыл 17-февралда) гана башталышы керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: