Кечээ, 17-январда Бишкек-Ош жолунун 388-чакырымында, Кара-Көл шаарында Бишкектен түштүккө солярка ташыган машина жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын натыйжасында 37 тонна солярканын 17 тоннасы жолго төгүлүп агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Машинанын бооруна жазылган жазуудан улам ал машина “Томас” фирмасына таандык экенин көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында жергиликтүү эл жерге агып жаткан солярканы чакалап жыйнап киришкен. Жарылуу же өрт болуп кетсе өмүрдү алат деген ой эч кимди тынчсыздандырган эмес.
Акыркы учурларда мындай күйүүчү май ташыган оор унаалардын кырсыгы тез-тез каттала баштады. Бир кезде Бишкектен өлкөнүн түштүгүнө күйүүчү майларды темир жол аркылуу ташышчу. Кийин өзбек президенти Ислам Каримовдун учурунда темир жолдун өзбек бөлүгү биздин составдарды өткөрбөй кыйнагандыктан ишкерлер автоунаа менен Төө-Ашуу аркылуу ташууга аргасыз болушкан.
Өзбекстанга Шавкат Мирзиёевдин президент болуп келиши менен чек аралар ачылгандыгына байланыштуу эми кайрадан бензин, солярканы темир жол аркылуу ташууга өтүүгө убакыт жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ