Орусиянын Пермь соту дүйшөмбү күнү мектепке кол салган эки өспүрүмдү эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Новая газета» жазды.
Маалыматка караганда, сот отуруму айыпталуучулар жаткырылган ооруканада өттү.
Пермь шаарындагы №27 мектепке 15-январда бычак менен куралданган эки өспүрүм кол салган. Алардын бири мектептин мурдагы окуучусу, экинчиси учурда мектепте жогорку класста окуйт. ММКлардын маалыматы боюнча кол салууну демилгелеген он алты жаштагы өспүрүм психоневрологиялык диспансердин бейтабы болгон.
Кол салуудан 15 киши жабыркаган. Алардын арасында 4-класстын окуучулары жана көптөгөн жаракаттары менен ооруканага жаткарылган мугалим Наталья Шагулина бар. Айрым маалыматтар боюнча кол салуунун максаты дал ошол мугалим болгон.
Аймактын Тергөө башкармалыгы адам өлтүрүү үчүн кол салуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ