Кечээ, 16-январда КР Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын офицерлери Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерин К.У.ну $500 пара алып жаткан жеринен колго түшүрдү. Бул тууралу аталган мекемеден билдиришти
Алгач КР Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына П.И. аттуу жарандан арыз түшкөн, анда ал Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкери К.У. анын бир маселесин чечип берүү үчүн $500 пара сурап, кыйнап жатканын билдирген.
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-“пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин ачып, КР Генералдык прокуратурасы бекиткен.
Ошондой эле КР ИИМдин Ички иликтөөлөр кызматы менен да макулдашылып, операция биргелешип өткөрүлгөн. Натыйжада кечээ Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкери К.У. атайын каражаттар менен белгиленген акчаны арыздануучу П.И.ден алып жаткан учурда кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармалуучу жайына киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ