Menu

Бизнесмендин үйүнөн 15 млн сом карактап кеткен кылмышкерлер кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-январда жаңы жыл алдында Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунун тургунун карактап, 15 миллион сомун алып кетишкен 6 кылмышкердин үчөөсү кармалды. Бул тууралу ИИМден билдиришти.

Жаңы жыл алдында, 29-декабрда түнкү саат 22.30. чамасында Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда жашаган 32 жаштагы ишкердин үйүнө беткапчан кылмышкерлер кирип келишип, үйдүн ээсин, келинчегин жана эки жаш баласын күч колдонуу менен байлап салышып, тапанча жана бычак менен коркутуп, акча талап кылышкан.

Натыйжада, 15 миллион сом катылган үйдөгү сейфти үй ээсинин машинасына салып алып кетишкен.

Жапа чеккен үй бүлө ооруканага жаткырылып, бул факты боюнча милиция “карактоо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмышкерлер айдап кетишкен машина көп өтпөй эле көчөдө таштап кеткен жеринен табылды.

Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышкерлер аныкталып, азырынча 1992-93-жылдарда туулган Ош облусунун 3 тургуну кармалды. Алардын жашаган жерлерине тинтүү жүргүзүү учурунда уурдалган акчанын 4,7 миллион сому табылган.  Кармалгандар абакка алынып, эми милиция калган 3 каракчыны кармоо аракетинде.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: