Menu

Бабановдун соңку “фокустарына” бийлик алданбай калды

Бөлүшүү:

Эл назарындагы Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткенин жар салган, ага улай БШКга депутаттыктан кетүү арызын чет өлкөдөн эле берип жибериптир. Бирок, андай арызы тийиштүү юридикалык талап менен күбөлөндүрүлбөгөндөн кийин жараксыз болуп, эки анжылыкты жаратып койду. Өзү келе албайт, келсе камалат. Аныгында, ансыз да ачуусу келип турган бийлик кожоюндары Бабановдун мындай ойнотуп атканына кыжырлары чындап кайнай баштаганын эшиттик.

Эмне үчүн ал мандатынан баш тартып, саясаттан биротоло кеткенин билдирип чыкты? Эң оболу, өзү чет өлкөдө качып жүргөнүнө деле кайыл. Дүнүйөнү жанынан артык көргөн Бабанов Кыргызстандагы кат-кат болгон эбегейсиз байлыгын сактап калуу амалын кылып атат. НТСке сот аркылуу арест коюлса, эртең «Садыбакасовага, Хонго, Воробьевго байланыштуу» делген байлыктары, андан кийин түптөлгөн, миллиондогон долларлардын башын чапчыган бизнестери, чоң-чоң объектилери күч органдары аркылуу «териштирилип», мамлекеттин карамагына өтүп кетиши мүмкүн. Ошентип, саясаттан кеткенине, Кыргызстанга убактылуу келбей жүрүүсүнө да макул болгон Бабанов бар байлыгын сактап калуунун гана амалында.

БӨТ айлакер эмеспи, улам артка чегинүү менен бийлик кожоюндарына ымалашуу «кайырмагын» ыргытууда, тилекке каршы, көздөгөн максатына жете албай атат. Маселен, экс-президент болсо да таасири күчтүү Алмазбек Атамбаев деле түшүнүп турат, Бабанов мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирип, өзүнө op казып алды, эгер ага кечирим берсе, эртең кайра кубулуп кетип, жамандыгы тийип калышы мүмкүн. Ошон үчүн мындай ыңгайды пайдаланып, анын ордун саясаттан да, бизнестен да жок кылуу боюнча ойлоп койдубу? Себеби, Бабанов мурда дагы Атамбаевди бир канча ирет алдап кеткени боюнча тар чөйрөдө кептер кызуу жүрүүдө…

Баса, Сооронбай Жээнбеков талапкер кезинде эл астында сүйлөп жатып, ошол дебатта Бабановго кайрылып, «коррупция менен күрөшүүнү сенден баштайм» деген. Эми президент сөзүнө туруп, катуу киришкендей…

Сакен Бөрүбаев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: