Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаев укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы «Эрдик үчүн» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар сыйлыктын уюштуруучуларына шилтеме кылып билдиришти.
Матаев сыйлык алуу үчүн документтерин тапшырган эмес, бул толугу менен уюштуруу комитетинин демилгеси болгон.
Андрей Сахаров атындагы сыйлык – өз көз карашын коргоодогу жана укук коргоочулук ишмердүүлүктөгү «ачыктыгы», ошондой эле резонанс жараткан материалдары үчүн журналисттер менен укук коргоочуларга ыйгарылчу сыйлык. Калыстар тобу журналисттерден, укук коргоочулардан жана жазуучулардан турат. Буга чейин бул сыйлык менен Анна Политковская, ошондой эле «Свобода» радиосу менен «Новая газета» сыйланган.
2016-жылы каржы алдамчылыгына айыпталып алты жылга эркинен ажыратылган Сейтказы Матаев былтыр жыл соңунда мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ