Menu

Эң башкы инвестициябыз – ойлоп табуучулукта

Бөлүшүү:

Азыркы колдонулуп жаткан электрондук программалардын автору катары ошол иштеп чыккан тарап таанылып жүрөт. Бирок, мамлекеттик органдар үчүн даярдалган электрондук программаларга негизги буюртманы мамлекеттик мекемелер беришет. Анда ошол ишке кирген электрондук программалардын ээси ким болуп калат? Программалык маалыматтарды камсыздаган тараппы? Же, даярдалган программанын акысын төлөп, ишти улап кеткен мамлекеттик мекемелерби?

Ушул аталган суроолордун жообун тактоо максатында “Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Аны Жогорку Кеңеш бүгүн, 17- январдагы жыйынында  биринчи окууда колдоп берди. Бул багытта кеңири түшүндүрмө берип, КР Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Досалы Эсеналиев “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Аталган долбоордо  – өлкөнүн муктаждыктары үчүн электрондук эсептөөчү машиналарга арналып жазылган программалардын мүлктүк ээси мамлекет болуп эсептелери такталууда. Ал мамлекеттик контракттын негизинде даярдалган программаларга тиешелүү деп таанылат, – дейт Д.Эсеналиев.

Өкмөт кабыл алган “Таза коом”, “Кырк кадам” программалары да санариптик негизде ишке ашырылып жаткандыгын белгилеген “Кыргызпатенттин” жетекчиси, – “Азыр информатика тармагы улам жаңы өзгөрүүлөрдү талап кылып жаткандыктан, бул багытка кызыккандар дагы улам барган сайын көбөйүүдө. Ошондуктан, мыйзам талаасындагы ченемдер дагы улам жаңыланып турууга тийиш”,- дейт.

Ошондой эле бүгүн, 17-январь – ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү экендигин белгилеген Д.Эсеналиев, – жаш муундардын арасындагы инженердик – техникалык жаңы табылгаларга да токтолду. Ар бир ойлоп табууну таануу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн атайын мөөнөт бар. Бул аралыкта жаңы сунушталган ойлоп табуунун оргиналдуулугун, кайталангыстыгын тактоо иштери жүргүзүлөт, – дейт. Бул багытта “Келечек жаратман” аталышындагы сыйлык бар. Өткөн жылы ушул сыйлыкты Тоң районунан Сүйүндүков Медербек аттуу 6-класстын окуучусу жеңип алды. Бул дагы болсо жаштардын изденүүчүлүгүн арттырат, – дейт КР Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы.

Жаш балдардын компьютерди ойногондун ордуна керектүү программаларды түзгөн мууну өсүп келе жатат. Бул багытта өспүрүмдөрдүн “Алтын түйүн” инженердик – техникалык академиясынын ролу зор. Андагы тарбиялануучулар өздөрүнүн ойлоп табуулары менен бир топ ийгиликтерге жетишүүдө. Атайын көргөзмөлөргө катышып, олимпиаладарда алдыңкы орундарды камсыздашууда. Бул тууралуу маалымдап,  аталган “Алтын түйүн” инженердик – техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова да “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Жаш ойлоп табуучу катары уктурууга катышкан Нурсултан Жаныбеков жер бургулоочу транспорттун макетин жасап чыккан. Келечекте архитектор болуп, шаарыбызды кооз имаратка толтурсам, – деген тилекте. Бектур Садиров дагы жаш ойлоп табуучу. Ал инженер – механик болуу самайт. Өлкөдө машина куруучу ири заводдор иштесе, – деп кыялданат. Келечекте электр энергиясынын жардамы менен жүрө турган унаа түрүн ойлоп тапсам, – деген тилегин айтып, ал дагы парламентик радионун угармандарынын суроолоруна жооп берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: