Негизи эле атактуу мырзалар арасында эки аял алып, көпкө жашабай эле о дүйнөгө сапар алгандар арбын. Аттарын атабайлы, бирок билгендерибиз алар кимдер экенин элестетип атсак керек… Өткөн жылдын аяк ченинде Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын жарыялап, башка эркектерди да ушундай жүрүшкө үндөгөн эле. Көп өтпөй коомчулукта чоң талкуу болуп, ЖКнын депутат айымдары, бейөкмөтчүлөр, активисттер Чубак ажыны ур-тепкиге алышып, жаалап жатып калышты. Ал ортодо биринчи жубайы да «Сезим» кризистик борборуна күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазганы кошул-ташыл болуп, бир жагынан милиция кызматкерлери да сурак ала баштаган. Ошентип, эл ичи дүрбөп жатып калды. Чуунун аягы басылбай аткандан соң, кайран каарманыбыз токолунан баш тартып, «ал менин жөн эле сүйүктүүм болчу» деп кол шилтеди. Көп өтпөй Чубак ажынын жүрөгү ооруп калган. Ошондон бери анын жүрөгү тез-тез козголуп, 15-январь күнү да белгилүү кардиолог Абдимиталип Халматовдун «Uni Clinic» медициналык борборуна келип, профилактикадан өттү. Эң башкысы, ден соолук каалайбыз, ажыке! А сүйүү жерге кирсин, келет, кетет…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ