Menu

Премьер-министр Сапар Исаков жана Кыргызстандагы Швейцариянын Элчиси Вероника Ульман эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргызстандагы Швейцария Конфедерациясынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вероника Ульман менен жолугушту.

Өкмөт башчы Кыргызстан жана Швейцария ортосундагы эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи.

«Биз өлкөнүн туура өнүгүү багытынан чыгып кетпешин эле эмес, жарандардын жашоо шартын жакшыртууда сапаттуу секирик жасаш үчүн бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Бул багыттагы мамлекеттин башкы маселелеринин бири өлкөгө инвестицияларды тартуу болуп саналат. Силерге белгилүү болгондой, жакынкы арада Швейцарияга жумушчу сапарым пландаштырылган, мен Кыргыз Республикасына кошумча инвестицияларды тартуу максатында бир катар жоолугушуларды өткөрүүгө ниеттенип жатам. Биз инвесторлорду күтүп отурбастан, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен өзүбүз издөөбүз керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жакынкы келечекке карата пландары, тактап айтканда, салык, мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик башкаруу тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

«Салык тутумун фискалдаштыруу долбоору мамлекетке гана эмес, ак ниет салык төлөөчүлөргө да сезилерлик пайда алып келет. Акча жүгүртүүнү мыйзамдаштыруу эсебинен салыктык чогултуулар жогорулайт, ачык-айкын фискалдык тутум түзүлөт, салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрө түзүлөт. Биз теңдик эрежелерин ишке ашырууга умтулуп жатабыз, ошол эле учурда жаңы салыктарды кийирип же учурдагылардын деңгээлин жогорулаткан жокпуз. Өлкөнүн Өкмөтү үчүн башкы нерсе катары инвесторлорго кепилдик берүүгө жана алар тартып келген каражатты коргоого алууну үйрөнүү болуусу керек», – деп кошумчалады Сапар Исаков.

Өз кезегинде элчи Вероника Ульман Швейцариянын Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого даярдыгын билдирип, көптөгөн тармактарда кызматташтык жайгарылгандыгын белгиледи.

Анын айтымында, жыл сайын Швейцариянын Кыргызстан менен 2017-2020-жылдарга кызматташтык стратегиясынын алкагында 20 млн швейцардык франкы бөлүнөт. Ошондой эле Швейцария Кыргызстандагы суу ресурстарын башкаруунун аймактык программасын колдоп жатат.

«Швейцария Кыргызстанды көп тараптуу кызматташтык алкагында, тактап айтканда, экономиканы өнүктүрүү жаатында колдоого алууну жактайт. Биз «Жаңы доорго кырк кадам» программасын тыкыр иликтеп чыктык жана учудагы кыргыз-швейцар долбоорлору менен үндөштүгүн белгиледик, биз буга кубанычтабыз. Биз тараптан Өкмөттүк программа алкагында белгиленген иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз», – деди Вероника Ульман.

Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчи Вероника Ульман жарандарга кызмат кылып, ачык жана таза мамлекетти түзүүгө багытталган бийик технологиялык «Таза Коом» программасына өзгөчө көңүлүн бурду:

«Таза Коом» улуттук программасы өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүдө чоң роль ойной калат. Биз, өз кезегибизде санариптик кызматтарды көрсөтүү үчүн жеке сектордун потенциалын жогорулатуу боюнча иш алып барабыз», – деп белгиледи ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле соода-экономикалык активдүүлүк, мамлекеттик тармактагы жана инфраструктурадагы реформалар, жеке секторду өнүктүрүү, суу ресурстарын башкаруу, тынчтыкты жана демократияны куруу маселелерин талкуулады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: