Кадрлар баарын чечет! Чындыгында ошондой. Эгерде жакшы кадрлар тандалып, туруктуу иштей турган болсо, анда өлкө экономикасын өнүгүп, калк турмушу жакшырат. Тилекке каршы, биздин Өкмөттө андай болбой жатат. Мисалы, акыркы 3 ай аралыгында эле 3 вице-премьер-министр алмашты. Ушу кантип болсун, анан биз кайдан экономикалык өнүгүү жаатында кеп кылабыз? Депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында ушундай собол салды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
«Бизде кадрлардын туруктуулугу болбой калды. 13 жылда Экономика министрлигинде 12 министр, 24 жылда Маммүлкфонд жетекчиси, 8 жылда Өнөр жай жана энергетика министрлигинде 8 министр, акыркы 3 айда Улуттук банкта 3 жетекчи алмашты. Ушу тапта көптөгөн мыкты кадрлар жумушсуз жүрөт. Өкмөт кардар маселеси жаатында дыкат талдоо жүргүзүп, кадрлардын маалымат базасын түзүүгө тийиш. Ал эми жанагы Мамлекеттик кадрлардын резервин түзүү идеясы жакшы, бирок эч качан аткарылбай турган нерсе», – дейт депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ