Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамга, Кылмыш-жаза кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) 3-окууда каралды.
3-окуудагы мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири Нурбек Алимбеков баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору шаар куруу жана курулуштардын аткарылышына жоопкерчиликти көтөрүү чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны тартипке салууга багытталган. Эксперттик иштерди жетиштүү аткарбагандыгы жана курулуш ченемдери менен эрежелерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү маселеси каралган.
Долбоор аркылуу шаар курулушунун комплектерин, имараттар менен курулмаларды этап-этабы менен долбоорлоону жана курууну ишке киргизүү белгиленген.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Арапбаев А., Алимбеков Н., Шадиев А., Жапаров А., Нурбаев А., Сыдыков Б., Шайназаров Т., Шыкмаматов А., Нурматов К., Айдаров С., Казакбаев Р., Матраимов И., Масабиров Т., Калмаматов Ж., Джураев С.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ