Menu

Былтыр жынысын алмаштырган 12 жаран паспорттогу маалыматтарын өзгөрткөн

Бөлүшүү:

2017-жылы Кыргызстандын 12 жараны паспортунда “жынысы” деген пунктту өзгөртүү боюнча арыз берип, алмаштырды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди.

– «Жарандык актыларды каттоо боюнча» мыйзамдын 72-беренесине ылайык жынысын алмаштырган адамдар паспортунда «жынысы» деген пунктун жана фамилиясынын аягындагы «-ова», «-ева», «-ов», «-ев» деген жерлерин өзгөртүшү керек болот. Бизге бир жыл ичинде 12 адам ошондой өтүнүч менен келген жана медициналык аныктамасын көрсөтүшкөн. Биз алмаштырып бердик.

Эржигитов булардын канчасы жынысын аял, канчасы эркек кылып өзгөрткөнүн ачык айткан жок. Ал ошондой эле мындай анализ былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлгөнүн жана мурдагы жылдары канча кыргызстандык жынысын алмаштырганы белгисиз экенин кошумчалады.

2015-жылы Бишкектеги Улуттук госпитал алгачкы жолу жыныс алмаштыруу операциясын жасаганын жарыялаган. Анда өзбекстандык 25 жаштагы жигит кызга айланган. Андан кийин да аты-жөнүн ачык айтпаган бир нече жарандар жынысын алмаштырганы кабарланган.

Дарыгерлердин айтымында, учурда Кыргызстанда жыныс алмаштыруу операциясы коммерциялык түрдө жасалат. Анын акысы мамлекет тараптан ченелген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: