Menu

Кыргыз-өзбек чек арасынан өткөндөр эки эсе көбөйдү

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги өткөрмө бекеттерден ары-бери каттагандар эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Анда айтылгандай, Ош облусундагы “Достук-Автожол” өткөрмө бекетинен суткасына 7000 киши өтүп жатат. Мурда бул жерде Кыргызстанга келе жаткандар жана Өзбекстанга бара жаткандар биригип 2-3 миңди гана түзчү.

Баткен облусундагы “Кадамжай-Автожол” өткөрмө бекетинде буга чейин суткасына 700-750 адам өтүп келсе, учурда 2000-2500 адам каттап жатат.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы “Маданият-Автожол” өткөрмө бекетинен Өзбекстанга киргендердин жана Кыргызстанга чыккандардын саны 900-1000 кишини түзүүдө, мурда бул сан 350-500гө гана жетчү.

Эки өлкөнүн ортосунда каттам жанданганына байланыштуу чек ара кызматы бул бекеттерге кошумча текшерүү кабиналарын ачкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси былтыртан баштап оңоло баштаган. Чек ара тилкелеринин 85% такталып, каттоо да жеңилдеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: