Menu

Өрттөнүп кеткен автобустун эшиги тосулуп калган

Бөлүшүү:

Актөбөдө өрттөнүп кеткен автобустун капталындагы эшик торолуп калган экен. Курман болгондордун көптүгү ушуну менен түшүндүрүлөт. Бул тууралуу Казакстандын Чукул кырдаалдар департаментинин өкүлү билдирди.

“Алдын ала маалыматка караганда электрозым күйө баштаган. Албетте, дүрбөлөң болгон. Элестетсеңер, эки этаж автобус болсо, эшиктери кууш, бирөө тороп калды, үстүнө башкасы жыгылды. Терезелерди талкалоо эч кимдин оюна келбептир”, – деди департаменттин Актөбө облусу боюнча бөлүмүнүн өкүлү Виталий Синев.

18-январда Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, бери дегенде 52 киши каза тапты, алардын бардыгы Өзбекстандын жарандары болчу. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан.

Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Шымкенттен Орусияга бараткан. Жүргүнчүлөр болжолу менен эмгек мигранттары болчу.

Транспорттук унааны пайдалануу эрежесин бузуу боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков трагедияга байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Телеграммада бул окуя орду толгус жоготуу экени, кыргыз эли каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөөрү жазылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: