Menu

Сауд Арабиясы быйыл Кыргызстандан ажыга барчулардын квотасын көбөйтүп, 5400 орун берди

Бөлүшүү:

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 орун бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Муфтият билдиргендей, ажылыкка барчулар электрондук тизме менен кабыл алынат жана биометрикалык паспорт алгандарга гана Мекеге барууга уруксат берилет.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапарына зыяратчыларды ташуу үчүн 12-февралга чейин авиакомпаниялар арасында сынак жарыялаган. Ага Кыргызстанга жана Сауд Арабиясына таандык фирмалар катыша алат. Сынактын жыйынтыгы 13-февралда чыгарылат.

Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй башташат.

Былтыр Кыргызстанга 4760 орун берилген. Ажылык сапардын баасы 2760 доллар болгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: