Кечээ, 18-январда Россиянын Ульяновск шаарындагы авиациялык институттун курсанттары түрсүчөн жылаңач денесине кара курларды курчанып, баштарына кесиптик фуражкаларын кийип италиялык диджей Бенни Бенассинин “Satisfaction” (“Ыракаттануу”) клипине жасаган пародиясы кырнетте да тараган.
Пародия Россияда 16-январдан бери тарап, институттун ректору курсанттарды окуудан чыгарам деп опурулуп, транспорттук прокуратура иликтөө баштап, облустун губернатору институтту текшерүүгө комиссия түзүп жатыптыр.
Ал эми орусиялык коомчулук курсанттарды колдоого алып, петиция уюштуруп жүрүшөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ