Menu

Камчы Көлбаев көлдүк ишкерлерге басым көрсөтүүдө

Бөлүшүү:

Көлдүк ишкерлерди колдой албаган Камчы Көлбаевде намыс деле жок экен. Акча үчүн жердештерин сыздатып, жергиликтүү ишкерлерге бут тосуп жатканы коомчулуктун нааразычылыгын туудурууда. Ыраматылык Рысбек Акматбаев Камчыны ушундай ачкөздүгүнөн жаман көрчү тура. Ысык-Көл районундагы көзгө басар жерлердин баарысына ээ болгону аз келгенсип, жергиликтүү ишкерлерге жигиттери аркылуу салык салдырып келет. Бакиев бийлигинин тушунда көчөдө чемичке сатып отурган кемпирлерге чейин салык салынып калган эле. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу Чолпон-Ата, Бостериде жеке ишкерлик менен алектенгендерге тынчтык бербей жатканы өкүнүчтүү. Ысык-Көлдө Камчынын макулдугусуз кумурсканын да уясы бузулбайт. Жыл башында Бостериде «Осьминок» аттуу ресторан өрттөнүп кетти. Ресторандын ээсинин айтымында, ага «черныйлар» тарабынан 500 АКШ доллары салык салынган. Бирок ресторандын ээси акча берүүдөн баш тарткан экен. Анын жыйынтыгы минтип өрт менен коштолуп отурат. Учурда курорттук зона катары белгилүү болгон Чолпон-Ата, Бостериде ишкерлик кылгандардын коопсуздугу коркунучта болуп турат. Жергиликтүү милиция эшектин тушагын да чече албайт. Башынан эле чече алган эмес. Бул аймак «черныйлардын» мыйзамы менен жашап келе жаткандарын жашырганда эмне. Ысык-Көл областык милициясын өзгөчө күчтөндүрбөсө болчудай эмес.

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: