Menu

Видео – Кыргыздар да италиялык диджей Бенни Бенассинин “Satisfaction” (“Ыракаттануу”) клипине пародия жасашты

Бөлүшүү:

Кыргыздар да италиялык диджей Бенни Бенассинин “Satisfaction” (“Ыракаттануу”) клипине пародия жасашты. Анда кечээ кырнетте тараган россиялык авиация институтунун курсанттары жасаган клиптин видеобөлүгү менен кыргыз ырчысы Кайрат Кыргыздын (Салмакеевдин) “Жаштык кез” ырын монтаждашкан.

Мындай тамашалуу пародияны Алекс Егоров аттуу каймана аты бар кыргыз фейсбук колдонуучусу таратты.

https://www.youtube.com/watch?v=uZnKnmoCZ9I&feature=youtu.be

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 18-январда Россиянын Ульяновск шаарындагы авиациялык институттун курсанттары түрсүчөн жылаңач денесине кара курларды курчанып, баштарына кесиптик фуражкаларын кийип италиялык диджей Бенни Бенассинин  “Satisfaction” (“Ыракаттануу”) клипине жасаган пародиясы кырнетте да тараган.

Пародия Россияда 16-январдан бери тарап, институттун ректору курсанттарды окуудан чыгарам деп опурулуп, транспорттук прокуратура иликтөө баштап, облустун губернатору институтту текшерүүгө комиссия түзүп жатыптыр.

Ал эми орусиялык коомчулук курсанттарды колдоого алып, петиция уюштуруп жүрүшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: