Menu

Мурдагы элчилер Трамптын Африка өлкөлөрү тууралуу айткандарын сындашты

Бөлүшүү:

АКШнын Африка өлкөлөрүндөгү мурдагы элчилери президент Дональд Трампка кайрылышып, анын бул континенттеги мамлекеттерди кемсинткенине тынчсызданууларын билдиришти. Алардын пикиринде, сый мамиле Американын кызыкчылыктарын сактоодо чечүүчү мааниге ээ.

Трампка жолдонгон катка мурдагы 78 элчи, анын ичинде мамлекеттик катчынын Африка иштери боюнча мурдагы жардамчысы Линда Томас-Гринфилд кол койгон. Катта алар президентке жаратылыш ресурстарына бай жана АКШ менен терең тарыхый байланыштары бар 54 өлкөдөн турган континентке болгон көз карашын кайра карап чыгууну сунушташкан.

Трамп өткөн жумада иммиграция тууралуу мыйзамды четке кагып жатып, Африка мамлекеттерин “тешик өлкөлөр” деп атаганын моюнуна алган эмес. Бирок иш-чарага катышкандар ал ушул сөздү колдонгонун белгилешүүдө. Африка биримдиги жана бир катар африкалык өлкөлөр Трапмтын билдирүүсүн айыпташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: