Menu

Казакстандагы автобус кырсыгында каза болгондордун тизмеси жарыяланды

Бөлүшүү:

18-январда Казакстандын Актөбө облусунда өрттөнүп кеткен автобустун каза болгон жүргүнчүлөрүнүн болжолдуу тизмеси жарыяланды. Алардын баары Өзбекстандын жарандары болушкан.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтына жарыяланган тизмеде Самара — Шамкент автожолунда каза болгон 31 адамдын аты-жөнү жазылган. Алардын көбү Наманган облусунун жашоочулары. Жалпысынан автобустагы өрттөн 52 киши мерт болуп, дагы беш киши, анын ичинде айдоочулар аман калышкан.

Бейшемби кечинде Актөбө шаарына Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Рустам Жураев башында турган делегация барган. Ошол эле күнү Казакстандын мекемелер аралык өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзбек делегациясы менен биргелешкен аракеттерди талкуулашкан.

Бүгүн жергиликтүү бийлик каза болгон 52 адамдын сөөгү Актөбө шаарына жеткирилгенин кабарлады. Акимчиликтин басма сөз кызматынан учурда соттук-медициналык экспертизалар уланып жатканын айтышты. Бирок каза болгондордун денелери катуу күйүп калгандыктан, аларды аныктоо оор болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: