Menu

Депутат Сайдолимжон Жураев: «Тамак-аш тармагын өнүктүрүү жаатында кандай чаралар көрүлгөнү тууралуу так маалымат жок, куру статистика гана бар”

Бөлүшүү:

Тилекке каршы, Айыл чарба министрлигинин баяндамасында жалпы тамак-аш тармагын өнүктүрүү жаатында кандай чаралар көрүлүп жатканы тууралуу так маалымат жок, жөн эле кургак статистика келтирилди. Бул тууралуу депутат Сайдолимжон Жураев Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүүсүнө байланыштуу Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Эл өкүлү мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата: «Айыл чарба министрлигинин жасаган ишин көрө алган жокмун. Келгиле, тармактар боюнча эмнелер жасалып жатканына кайрылалы. Бизде эт өнүмүнө канчалык суроо-талап бар? Биз аны канчалык деӊгээлде камсыздай алабыз? Деги, импорттолгон этти лабораториялык текшерүүдөн өткөрө алабызбы?», – деген собол салды.

Мамсанинспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов ушу тапта эт Орусиядан, Казакстандан, Украинадан импорттолуп жатканын, алар Кыргызстандын аймагында текшерилге турганын билдирди. «Бизде 74 мал союу жайы бар, бирок алардын баары эле стандартка жооп бербейт. Эт өндүрүүчүлөрдүн жеке мал союу жайларынын жоктугу көп көйгөй жаратат. Анткени, алар эт багытындагы малды тирүүлөй экспорттой алышпайт», – деп кошумчалады ал.

Аны тактоо иретинде, депутат Альфия Самигуллина көп жарандар кайра иштетүү ишканасын ачуу жаатында жардам сурап кайрылыр жатканын, өзү Кочкор районундагы сыр чыгаруучу ишкананын ачылышына көмөк көрсөткөнү айтты. «Силер өкмөттүн программа бар дейсиӊер, анда анын тормузу да бар окшобойбу. Демек, силердин өз программаӊар, а жер-жерлердеги адамдардын өз программалары бар турбайбы. Анан кантип өкмөттүк программа аткарылат?», – деди ал.

Белгилей кетсек, ушу тапта кыргыз парламентинде ЕАЭБ шартында тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу маселелерди кайрадан ыраатташтырууга багытталган ”Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Мыйзам долбоору улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Салыматтык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаӊыдан иштелип чыккан мыйзам долбоорунда тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер топтоштурулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: