Жогорку Кеңештин 18-январдагы жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина Чүй облусунун Токмок шаарындагы балдар үйүнүн жетекчилиги эки кызды кыргызстандык үй-бүлөгө бербей, зордоп АКШнын жарандарына багууга беришкенин айтып чыкты. Бул туурасында: “Интернат жетекчилиги кыздарды жергиликтүү үй-бүлөгө көрсөтпөй жашырышкан. Кыргызстандык ата-эне келгенде кыздарды ооруканада деп айтышкан. Чындыгында, алар интернатта болгон. Ал эми АКШлык үй-бүлө менен жолуктурууга түнү алып чыгып барышкан. Кыздардын каршылыгына, ыйлаганына карабай багууга уруксат беришкен»-деп билдирди. Албетте, бул кылмыш жыттанган ишти Башкы прокуратура иликтеп, ак-карасын териштириш керек. Себеби буга окшогон көрүнүштөр көп катталган. Чыр да чыгып, кылмыш иши козголгон учурлар бар. Андыктан интернаттын жетекчилиги менен кошо социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованын дагы жоопкерчилигин караш керек. Анткени министрдин башын аттап алар эч нерсе кыла алышпайт. Чет элдик бала багып алуучулар министрлик аркылуу документтерин тууралашат. Демек бул кыңыр иште Исакунованын дагы кулагы чыгышы мүмкүн.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ