Menu

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашевге көңүл айтты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашевге жүргүнчү ташуучу автобустун өрттөнүшүнөн улам жарандардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Анда мындай деп айтылат:

“Казакстан Республикасынын Актөбө облусуна караштуу Иргиз районунда жүргүнчү ташуучу автобустун өрттөнгөндүгүнөн улам адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Ар бир адам үчүн жакынын жоготуу өтө оор. Биз  боордош өзбек эли менен бирге экенибизди билдирип, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдардын туугандарына жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, кырсыктан жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: