Menu

Видео – Эң узун чачтуу окуучу: Таластык Айсулуу 10 жашынан бери чачына кайчы тийгизе элек

Бөлүшүү:

Кыргыз элинде «Кыздын кырк чачы улуу» деп айтылган жакшы сөз бар. Ооба, жакшы кам көрүлгөн чач кыздарга өзгөчө көрк берип турганы талашсыз. 15 жаштагы Айсулуу Узенканова дагы башкалардан өзгөчө чачы менен айырмаланып турат.

Учурда Айсулуу Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин чачы эң узун окуучусу.

«Мектеп босогосун 2009-жылы аттап, учурда Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 9-классында билим алып жатам. Мен чачымды 10 жашымдан бери өстүрүп келем. Кичине кезимден баштап узун чач жаккандыктан чачыма аяр мамиле жасай баштадым. Азыр чачымдын узундугу 97 см болду», – дейт ал.

Айсулуунун чачына байланыштуу кызыктуу окуялар көп болот. Ал чачын эч качан башка түскө боёп көргөн эмес.

«Сабак учурунда арткы партада отурган классташтарым чачымды тарткылап, тийишип ойногон учурлар көп кездешет. Мен келечекте дарыгер болуп, адамдарга жардам берип, ден соолуктарын чыңдагым келет», – деди Айсулуу.

Кыялкеч Айсулуу көптөгөн олимпиадаларга катышып, ийгиликтерди жаратып жатат. Бош убактысын волейбол, теннис ойноо менен өткөрөт. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүн- чүсү.

https://www.youtube.com/watch?v=2kafZf6f82E

Алия Токтогонова, Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу

Булак: Кабар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: