Menu

Фоторепортаж – Президент Сооронбай Жээнбеков Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун жана “Кепилдик фонду” ААК жетекчилиги менен айыл чарба товар өндүрүшчүлөрүн колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-январда Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевди жана “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакировду кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо” жөнүндө Жарлыгынын алкагында республиканын аймактарындагы ишкерлерди жеткиликтүү каржылоо маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду жана “Кепилдик фонду” айыл чарба өндүрүшчүлөрүн, анын ичинде экспортко багытталган долбоорлоруна каржылык ресурстарды тартуусу керектигин баса белгиледи. Бул чара аймактарды өнүктүрүүгө багытталган.

“Биздин өлкө башка мамлекеттердин рынокторуна чыгууга аракет кылууда. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга киргени ата-мекендик продукцияны экспорт кылууда атаандаштыкты күчөттү. Атаандаштыкка жаңы технологиялар менен иштеген, жетиштүү каражаты бар өндүрүшчүлөр гана чыдай алат. Мамлекеттин милдети – аларды колдоо жана ата-мекендик продукцияны өндүрүүдө атаандаштыкка туруштугун жогорулатуу, инновацияларды киргизүү, материалдык-техникалык базасын жаңыртуу, өндүрүштү кеңейтүү үчүн “узак жана арзан” насыялык ресурстар менен камсыздоо», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент аймактарда жакшы долбоорлору бар, бирок күрөөгө кое турган мүлкү жок, насыя ала албаган ишкерлер менен жолугушканын, натыйжада керектүү долбоорлор ишке ашырылбай калып жатканын белгиледи.

«Ошол эле маалда аларды колдоо үчүн бизде насыялык ресурстарыбыз жетиштүү. Силер жетектеген Фонддор экономиканын каржылык тармагында маанилүү орунга ээ, ИДП менен Кыргызстандын экспортунун өсүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Бирок РКӨФ долбоорлорду каржылоодо аймактардын баарын бирдей камтыган эмес. Бул чектелген аймакты насыялоо саясаты. Баасы төмөн же күрөө мүлкүнүн жоктугу үчүн айыл калкын салттуу банктар жагымсыз топко киргизип салат. Каржылоо саясатын кайрадан карап чыгып, аймактардын жашоо шартын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруш керек», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Премьер-министри болуп турганда ишкерлер үчүн күрөө мүлкү жетишпегенде керектүү насыянын суммасын алуу үчүн “Кепилдик фонду” ачык акционердик коому түзүлгөнүн эскертти.

Ал “Кепилдик фондуна” “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын эске алуу менен өлкөнүн башка каржылык мекемелери менен бирге аймактардагы экспортер ишкерлердин долбоорлорун колдоо сунушун айтты. Биргелешкен системалуу аракет ишкерликти өнүктүрүүгө, жаңы иш орундарын түзүүгө, муну менен тышкы жана ички миграцияны кыскартууга жардам берет.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев жана “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров аймактарды өнүктүрүү багытындагы биргелешкен жумуш күчөтүлөөрүн белгилешти.

«Өнүктүрүү Фонду 2018-жылга карата жалпы суммасы 261,46 млн АКШ доллары болгон 781 долбоорду колдоду. Биз ар бир аймактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен өндүрүшкө байланыштуу долбоорлорду издеп, ишке ашыруу үчүн аракеттерди жасайбыз. Биз айыл чарба өндүрүшү тармагында жагымдуу шарттарды түзүү максатында аракетибизди күчөтөбүз», – деп белгиледи Эркин Асрандиев.

Малик Абакиров “Кепилдик фонду” ААК 2016-жылдын ноябрынан баштап, 14 айлык ишмердигинде жалпы суммасы 248 млн сом болгон 237 кепилдик өткөрүп бергенин, жалпысынан капиталдын 90 пайызын колдонгонун маалымдады.

“Ресурстарды бөлүштүрүп берүүдө биз айылдык ишкерлерге өзгөчө көңүл бурабыз. Ресурстарыбыздын жарымынан көбү дал айыл жергесинде жайгашкан”, – деп белгиледи Малик Абакиров.

Жыйынтыгында Президент Сооронбай Жээнбеков Фонддор мамлекеттик банктар менен биргеликте мамлекет үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ аймактардагы долбоорлорду каржылоо аркылуу Кыргызстандын экономикасын жакшыртууга активдүү катышуусу керектигин дагы бир жолу белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: