“КСДПнын съездин качан өткөрүүнү Алмазбек Атамбаев өзү чечет. Партиянын саясый кеңеши Алмазбек Шаршенович кандай айтса ошондой болот деген чечимге келди,” – деп билдирди Акипресс агенттигине бүгүн, 19-январда КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов.
“Азыркы учурда Алмазбек Шаршенович акыркы 6 жылда, ал партиядагы мүчөлүгүн токтоткондон бери партиянын ичинде түзүлгөн абалды изилдөөдө. КСДПнын келечек пландарын жана партиялык курулуштун багыттарын белгилеп жатат. Де-юре, Алмазбек Шаршенович президенттик ыйгарым укуктары токтогон күндөн тартып, башкача айтканда 24-ноябрдан баштап партиянын төрагалыгы кызматына келди. Анткени анын ордуна партиялаштары эч кимди шайлашкан эмес, мурунку төрагалык кызматынын мөөнөтү устав боюнча чектелген эмес. Ошентсе да алдыда боло турган съезддин күн тартибине КСДПнын төрагасын шайлоо маселеси киргизилет. Ошондой эле партиянын төрагасы болуп Алмазбек Шаршенович шайланарына эч ким шек келтире албайт”, – деди Фарид Ниязов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ