Юстиция министрлигин жетектеп келе жаткан Уран Ахмедов аттуу «балапан» министр кечээ жакында Жогорку Кеңештин комитет жыйынына мыйзам долбоорун алып келип, бозала болду. Тактап айтканда, юридика тармагын чемичкедей чаккан Мыктыбек Абдылдаев эки суроо менен министр Ахмедовду жарга такап, такаган эч нерсе эмес, бурчка кептеп койду. Жооп табалбаган бечара ыштанын булгаган баладай болуп бозоруп, жер тиктеп туруп берди. Эми уят эмеспи, министр деген неменин жер караганы. Мындай былжыраган «бозбаштар» менен мамлекет эч качан оңолбойт. Жок дегенде өзү билип, табактай бетин тултуйткан жеке кызыкчылыгы үчүн ыйык жердин баркын кетирип, кутун учурбай, ордун тапшырып кетсе мамлекеттин өнүгүшү үчүн чоң салымын кошмок.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ