Menu

Видео – Илимпоздор: “Ахматбек Келдибековдун доктордук диссертациясы жарабай калды деген сөз ушакчылардын калпы”

Бөлүшүү:

Өтүп бараткан жумада бийликтин акырынан жем жеген “Де-факто”, “Багыт”, “Эгемен” сыяктуу бир нече гезиттер менен сайттар экс-спикер Ахматбек Келдибеков докторлук диссертациясын Элмира Жумалиевага 15 миң долларга жаздырган экен анысы Кыргыз экономикалык университетинде жактоо учурунда жарабай калды деп шаңыраңдап чыгышкан.

Эми ошол маалыматтарда аты аталган окумуштуу, КЭУнун илим боюнча проректору Көбөгөн Атышов ал ММКлардын жазгандарын ушак, атайын акчага жазылган буйрутма маалыматтар деп атап, Келдибековдун эмгеги азырынча биринчи баскычта, кафедранын деңгээлинде гана талкууланганын, бул этапта бардык диссертацияларга сын жана сунуш айтыларын, диссертацияны жактоо убактысы алдыда экендигин билдирип, Атамбаевдин ушакчыларынын калпын чыгарган.

Андан башка да окумуштуу, экс-депутат Элмира Жумалиева баштаган дагы 3-4 окумуштуу жогорудагы маалматтын ушак экендигин, ал эми Ахматбек Келдибеков тың адис жана илимпоздугун далилдешкен.

Каныбек Темиров, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: