Menu

“Ала -Арча-1” конушундагы чырдын чындыгы

Бөлүшүү:

Мына, бир нече күндөн бери “Ала-Арча-1” конушундагы чатак басаңдабай келет. Алгач эле чуу чыгарган топ Феликс Куловдун аялы Фатима Абдрасулова жана саясатчы Ахматбек Келдибеков “Ала -Арча VIP” шаарчасынын административдик имаратын басып алышты деп, такталбаган жана жалган маалымат таратышты.

Ошондуктан, ал топтун мүчөлөрү ким экендигин аныктап, коомчулукка жарыя кылып коюуну туура көрдүк.

Себеби, алар өздөрү “Ала-Арча-1” шаарчасынын башкармалыгын жетектеп турган кезде, көптөгөн мыйзам бузууларга барып, коммуналдык төлөмдөрдү такыр төлөшпөй, жыйынтыгында шаарчанын карызы 2.5 млн сомго жеткен. Ал карыздын көпчүлүгү, ошол шаарчаны “мен кургам, мен бул жердин керек болсо кожейкесимин!” деп өзүн ханыша сезген айым – айтылуу Данияр Үсөнөвдүн аялы Динара Исаева.

Ошентип, бул былыктар баары сыртка чыгып баштаганда, өз күнөөлөрүн ошол шаарчанын башка жашоочуларына төңкөрүп, “суудан кургак чыгып” кеткиси келип жатышат. Ошондуктан, чарбалык маселени саясатташтырып, белгилүү инсандарды жаман көрсөтүү аракетин көрүп жатышат. Мурдагы башкармалыктын жетекчилерининин айрымдарынын атын атап кетели.

Айжан Чыныбаева – Максим Бакиевдин кайнатасы Кененбаевдин келини жана Роза Отунбаеванын бир тууган жээни болот. Ошондуктан Айжан Чыныбаева ал шаарчаны каалагандай калчап, эч кимди көзүнө илбей калган айым. Кошуна шаарча “Ала-Арча-3тө” жайгашкан, өзүнө тийиштүү бир үйдү 1 млн долларга сатып, ошол үйдү бул шаарчага кошуп берем деп убада кылган. Бирок, шаарчанын тургундары ага каршы болуп, кийинки башкарма жетекчиси макул болбой койгондон баштап, бул айым Фатима Абдрасуловага жана башкарма мүчөлөрүнө кастык иштерин баштаган.

Экинчи айым – Неля Бейшеналиева, Акаев заманындагы Юстиция министри жана Жогорку Соттун төрайымы. Азыр болсо, күйөөсүнүн фамилиясына өтүп, Дубовская болуп алган.

Ал эми азыркы башкармалыктын курамын карасак, анда да кандай адамдар бар экенин байкайсыздар. Александр Конев, Игорь Дубовский (Неля айымдын күйөөсү) жана сырдуу жана чырдуу Ольга Кавтарадзе. Бул айымдын күйөөсү так ошол Максимдин өнөктөшү Зафар Алиев деген шылуун. Ал өз кезинде Кыргызстандын 500 миң долларын кайтарбай, баарын Максимге шылтап, “Евросеть” жана “Гринвич” аттуу кымбат бизнестердин ээси. Булардын баары Орусиянын жарандары жана ошол жерде жашай тургандыгын да айтып койбосок болбойт.

Ал эми чырдын дагы бир сыры – “Ала Арча-1” конушуна жакын жерде 4 кабаттуу имарат курулуп жатат. Ошол имараттын курулушуна шаарчанын мурунку жетекчилери тургундарга билдирбей шаарчанын түтүктөрүнөн суу берип турушкан. Ал курулушка кеткен сууну, анын акысын, “жоготуулар болууда” деп жашырып жүрүшкөн. Ал имараттын ээси болсо – Эркин Исаков, борборубуздун вице-мэри. Суу уурдалып жатканы билинип калгандан кийин, Исаковдун атасы Күмөн Исакович өзүнүн үйүнөн шланг аркылуу берип баштаган. Бул чыр-чатак башталганда да, так ошол аксакал ошол жерде жүргөнүн тасмалардан көрдүңүздөр.

Мына ушундай мыйзамсыздыктар жана өз билемдиктерди жасаган айымдардын тобун, өзүн өзгөчө демократ жана чыныл инсан катары көрсөтүп келген Роза Отунбаева айым калкалап келет. Себеби, анын туугандары, ал шаарчаны каалагандай башкарып, мамлекеттик казынага төлөнүүчү төлөмдөрдү төлөбөй, кымбат жер тилкелерин жана хансарайларды сатып, байып жатышат.

Эми болсо, айыптары ачылып калганда, “осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт” деген сыяктуу, таза иштеп, тургундардын жана ошол жерде жумуш иштеген күзөт кызматкерлеринин укуктарын коргоого аракет кылган адамдарды каралоо менен алектенип жатышат.

Урматтуу Роза Исаковна, туугандарыңызды бир аз тыйып койбойсузбу?

“Ала-Арча-1” конушунун тургундары

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: