Menu

Видео жана фото – Россиянын президенттигине кандидат Ксения Собчак да -40 градус сууга чөмүлдү жана 4 градус сууга түшкөн Путинге какшык ыргытты

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-январдын кечинде Россиянын президенттигине дагы бир талапкер Ксения Собчак Томск шаарына жакын Корнилово айылын аралап аккан Ушайка суусуна чөмүлүп, чокунуу ырымын жасаган. Бул тууралу Ксения Собчак өзү Инстаграммдагы баракчасында жарыялады.

“Мен муну жасадым! Өмүрүмдө биринчи жолу! Томск, сага -40 градус үчүн ракмат! Корнилово кыштагы, Ушайка суусу” деп жазган Ксения биринчи сүрөттөр топтомунун алдына.

Андан 4 саат өткөндөн кийин экинчи сүрөттөр топтомун “Кызыл аттын сууга түшүшү” деп атап, жарыялаган жана анын алдына: “Мени кир сууга түштү деп тынчсызданып жаткандарга, анын ичинде МКнын журналисттерине билдирем: Кичи Ушайка суусу таптаза экен, бул суу туптуура Томскиге чейин агат. Мен сууга түшкөнү барганда ал жерде жергиликтүү өтө көп адамдар болду. Ал Сибирдиктер менен биз кийин бирге жылындык. Ал эми “Кандай зарылчылыгы бар эле?” дегендерге айтарым: мен өзүмдүн эркимди ар кандай шарттарда текшерүүнү жакшы көрөм, Сибирде -40 градуста сууга түшүү ирмеми эми өмүр бою эсте калат да. Мен жашоону аябай жакшы көрөм. Бул силерге Москвада сууга чөмүлүү эмес. Кечиресиңер, башкаларчылап жылаңач төшүмдү көрсөткөнүм жок, ким тууралу айтып жатканымды өзүңөр түшүндүңөр да”, – деп жазат Ксения Собчак.

Эсиңиздерге сала кетсек, андан бир күн мурун, 18-январда Россиянын президенти жана президенттигине талапкер Владимир Путин Ыйса пайгамбардын чокунуу күнүнө карата майрамга катышып, Санкт-Петербургга жакын Селигер көлүндөгү 4 градустагы сууга чөмүлүү менен чокунуу ырымын жасаган. Анда Путин жылаңач төшүн көрсөтүп сүрөттөргө түшкөн.

Бул сүрөттөрдү көрүп, кыргыздын эски кишилеринин “Падыша жылаңач денесин элге көрсөтпөш керек, жылаңач денесин элге көрсөткөн падыша тактысынан кулайт, 1917-жылдын алдында орустун падышасы Николай сууга түшкөн жылаңач денесин элге көрсөтүп, көп узабай тактысынан айрылган” дегени эске түшүп, кимисине ишенениш керектигин да билбейсиң.

https://www.youtube.com/watch?v=_Te10D5zdkY

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: