Menu

Видео – Израиль армиясынын жоокер кыздары да Россиялык курсанттарды колдоп, “Satisfaction” клипине пародия жасашты

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-январда Израиль армиясынын жоокер кыздары да Россиянын Ульяновск шаарындагы жарандык авиация институтунун курсанттарын колдоп, италиялык диджей Бенни Бенассинин  “Satisfaction” (“Ыракаттануу”) клипине өздөрү пародия жасаган роликти таратышты.

“Ульяновскидеги авиация институтунун курсанттарына Израиль армиясынын жоокер кыздарынан жалындуу ысык салам! Бизде бийлегениң үчүн жазалашпайт” – деп жазышкан жоокер кыздар роликтин алдына.

https://www.youtube.com/watch?v=3XiGrJalFm0

Эсиңиздерге сала кетсек, мындан эки күн мурун  Россиянын Ульяновск шаарындагы авиациялык институттун курсанттары түрсүчөн жылаңач денесине кара курларды курчанып, баштарына кесиптик фуражкаларын кийип италиялык диджей Бенни Бенассинин  “Satisfaction” (“Ыракаттануу”) клипине жасаган пародиясын интернетте таратышкан.

Авиация институтунун ректору курсанттарды окуудан чыгарам деп опурулуп, транспорттук прокуратура иликтөө баштап, облустун губернатору институтту текшерүүгө комиссия түзүп жибергенден кийин орусиялык коомчулук курсанттарды колдоого алып, петиция уюштуруп жиберишкен. Ал эми айрым студенттердин тобу ошондой эле формадагы роликтерди жасап, социалдык тармактарда тарата башташкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: