Menu

Казакстандагы автобустун өрттөнүшүнөн кийин Кыргызстанда эл ташыган автобустар текшерилүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстанда ички жана эл аралык каттамдагы эл ташыган автобустар текшерилип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим 52 адамдын өмүрүн алган Казакстандагы жол кырсыгынан соң кабыл алынды. Текшерүү алкагында министрликтен лицензия алып, эл ташууга ылайыкташкан автобустардын техникалык абалы каралып, талапка жооп бербегендерге чара көрүлөт.

Өткөн бейшембиде Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза тапкан. Алардын бардыгы Өзбекстандын жарандары болчу. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан. Беш киши жарадар болду.

Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Шымкенттен Орусияга бараткан. Жүргүнчүлөр болжол менен эмгек мигранттары болчу.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: