Menu

Беларус тышкы иштер министри Владимир Макей Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү Астанада өткөрүү боюнча Назарбаевдин демилгесин сындады

Бөлүшүү:

Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей буга чейин Минскте өтүп келген Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү Астанада өткөрүү тууралуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгесин сынга алды. Макей 19-январдагы билдирүүсүндө сүйлөшүүлөрдү башка жерге көчүрүү эч нерсени өзгөртпөй турганын айтты.

«Эгер жыйынтыгы ийгиликтүү болоруна ишеним болсо, анда Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү Антарктидада деле өткөрсө болот», – деди Макей. Ал башкалардан айырмаланып, Беларус тынчтык орнотуучу деген атак-даңкка умтулбай турганын айтты.

Ал ортодо Кремль 2015-жылы жетишилген Минск келишимдерин сактоо — Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр өтчү жерди алмаштырууга караганда кыйла маанилүү экенин билдирди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өткөн жумада АКШга жасаган сапарынын жүрүшүндө Украина боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгенин айтып, сүйлөшүүлөр үчүн жаңы аянтча катары өз өлкөсүн сунуштаган. Казак лидери АКШ президенти менен жолугушуусунда Украина маселеси талкууланып, Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдү башка жерге которуу тууралуу айтканын билдирген.

Минскте Украинадагы абалды жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн бир канча айлампасы өткөн. 2014-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен Орусия тараптан колдоого алынып жаткан жикчилдер ортосундагы куралдуу кагылышуулардан улам Украинада жалпысынан 10 миңден ашык киши мерт болду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: