Menu

Ислам кайра жаралуу партиясы тажикстандыктарды Сирияга жөнөтүүгө айыпталды

Бөлүшүү:

Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилиги тажик жаштарын Сирияга жөнөтүүгө айыпталууда. Бул тууралуу өкмөттүк «Ховар» агенттиги жазды.

21-январда жарыяланган макалада аталган партия тарабынан Сирияга жөнөтүлгөн тажик жарандарынын тизмеси жазылып, алардын көбү согуш талааларында мерт болгону айтылган.

Басылманын маалыматына караганда, партиянын колдоосу менен Жакынкы Чыгышка баргандардын арасында Согди облусунун 35 жаштагы тургуну Сайфиддин дагы бар. Кезинде Ислам кайра жаралуу партиясынын райондук бөлүмүн жетектеген Тажибаев учурда Сириядагы «Жабхад ан-Нусра» террордук уюмунун башчыларынын бири.

«Сайфиддин Тажибаев аталган террордук уюмдагы өзбек коомчулугунун лидери. Ал ар кандай жолдор менен Тажикстандын жана Өзбекстандын жаштарын топтун катарына азгырып келет. Учурда анын агасы Иброхим Ином дагы Сирияда жүрөт», — деп айтылат макалада.

Анда ошондой эле Ислам кайра жаралуу партиясынын Спитаменск районундагы аялдар бөлүмүн башкарган 40 жаштагы Шоиста Мамадшехованын дагы аты аталган. «Ал «Өзбекстан ислам кыймылы» террордук уюмунун мүчөсү Фаррух Шодмонов тарабынан азгырылып, эки баласы менен Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагына кеткен», – деп жазылган макалада.

Ислам кайра жаралуу партиясынын өлкө сыртында жүргөн жетекчилиги экстремисттик же террористтик топторду колдоого тиешеси бар экенин четке кагып келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: