Menu

Эмне үчүн жогорку кызматтарга чүйлүк кадрлар коюлбай калды?

Бөлүшүү:

Сары Өзөн аймагынын кеңдиги, баарын батырганы, элинин көптүгү жана жашоого ыңгайлуу жактары менен өзгөчө. Айыл чарба жаатынан, өндүрүш тармагынан, о.э. бизнес булактарынан да мамлекеттик казынага түшкөн кирешелер кыйла арбын. Жөнөкөй гана бир мисал, Чүй облусунунан түшкөн кирешелер менен башка дотациядагы облустардын “жыртык-тешиги” жабылат эмеспи? Ток этерине келсек, а эмне үчүн бийликтин жогорку бутактарында Сары Өзөндөн чыккан кадрлар жокко эсе? Мунун өзү кокустукпу, же тымызын түрдө “кол ийрисине тарткан” өгөйлөө саясатыбы? Баса, өнүккөн өлкөлөрдө карьералык секириктер калыс каралып, регионалдык баланстын сакталарын эске алсак. А биздечи? Эмесе, кимдер кайсы жерден экенин санап көрөлү.

КР президенти Сооронбай Жээнбеков. Жерлиги – Ош.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева. Жерлиги – Ош.

Башкы прокурору Индира Жолдубаева. Жерлиги – Ош.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов. Жерлиги – Ош.

ЖК спикери Дастан Жумабеков. Жерлиги – Талас.

Веце-спикери Асел Кодуранова. Жерлиги – Жалал-Абад.

Вице-спикери Мирлан Бакиров. Жерлиги – Жалал-Абад.

Премьер-министри Сапар Исаков. Жерлиги – Нарын.

1-вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев. Жерлиги – Баткен.

Вице-премьер-министри Даир Кенекеев. Жерлиги – Талас.

Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова. Жерлиги – Ош.

Вице-премьер-министри Санжар Муканбетов. Жерлиги – Бишкек.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси-министри Нурханбек Момуналиев. Жерлиги – Жалал-Абад.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Жерлиги – Казакстан.

Ички иштер министри Улан Исраилов. Жерлиги – Ысык-Көл.

Юстиция министри Уран Ахмедов. Жерлиги – Бишкек.

Финансы министри Адылбек Касмалиев. Жерлиги – Ысык-Көл.

Экономика министри Артем Новиков. Жерлиги – Бишкек.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев. Жерлиги – Ош.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов. Жерлиги – Ош.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. Жерлиги – Ош.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева. Жерлиги – Баткен.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев. Жерлиги – Жалал-Абад.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов. Жерлиги – Нарын.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова. Жерлиги – Нарын.

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев. Жерлиги – Бишкек.

Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов. Жерлиги – Бишкек.

Коргоо иштер боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мирбек Касымкулов. Жерлиги – Чүй.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов. Жерлиги – Бишкек.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов. Жерлиги – Бишкек.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов. Жерлиги – Ош.

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев. Жерлиги – Нарын.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Жерлиги – Ысык-Көл

Муфтий Максатбек Токтомушев. Жерлиги – Ош.

(Жогорудагы “Жерлиги – Бишкек” дегендерди шаарда төрөлгөндөр катары түшүнсөк болот.)

Автор: Тайлак Назымов

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: