Menu

Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелердеги президенттин сүрөттөрү жаңыртылууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда өлкө президентинин мамлекеттик мекемелердеги сүрөттөрүн жаңылоо боюнча кезектеги өнөктүк башталды. Адатта жыл сайын өтчү бул иштердин алкагында жаңы ураандар жазылып, өлкө башчынын кайрадан басылып чыккан сүрөттөрүнүн миллиондогон көчүрмөлөрү алмаштырылат.

Бул жылы жаңы ураан катары президент Гурбангулы Бердымухамедовдун акыркы китептеринин бириндеги «Түркмөнстан — Улуу Жибек жолунун жүрөгү» деген сөздөр тандалган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы менен маектешкен жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, бул пропагандалык акция мугалимдер, дарыгерлер жана бюджетте иштеген башка кызматкерлерди кошумча чыгымга учуратууда.

“Сүрөттөр бардык мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде мектептерде дагы алмаштырылууда. Ашхабадда мугалимдерден 25 манаттан (7 доллардан ашык) чогултушту. Андан соң жарнама жана басып чыгаруу компанияларынын өкүлдөрү эски сүрөттөрдү алып, жаңыларын тагып кетишти”, – деди Ашхабаддагы мектептердин биринин директору.

Анын айтымында, бюджетте иштеген кызматкерлерди кошумча чыгымга учураткан бул ар жылкы өнөктүк типография бизнесинин өкүлдөрү үчүн киреше булагы болуп калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: