Menu

Телефонго болгон көз карандылык – XXI кылымдын оорусу

Бөлүшүү:

Ноутбут, планшет, смартфон, телефон… Гаджеттердин кенен жайылышы албетте, бизге ыңгайлуу жашоо тартуулады. Бирок ыңгайлуулугу менен кошо бизге жаңы оору алып келген да дал ушул гаджеттер. Ал оору – номофобия деп аталат, башкача айтканда, телефонсуз калуудан коркуу. Эгер компьютердин маңдайынан эртеден кечке жылбасаңыз же телефонду колуңуздан түшүрбөсөңүз, анда бул ооруну сиз дагы жуктургансыз.

Сиз интернетке көз карандысыз, эгерде:

· Эптеп эле компьютерге жетип, отуруу үчүн иштериңизди арыдан-бери бат-бат жасап, айрым иштерди такыр эле кылбай койсоңуз;

· Жумушта бир аз эле бош убакыт пайда боло калса, эс алгандын ордуна ал убакытты интернетке кире калып социалдык баракчаларыңызды ачууга арнасаңыз;

· Телефонго өтө эле берилип кеткениңиз тууралуу жакындарыңыздын айткан сын-пикирлери кыжырыңызды келтирсе;

· Эртең менен уйкудан ойгоноруңуз менен телефонду же компьютерди күйгүзүп интернетке кирсеңиз;

· Дем алыш күндөрүңүздү башка эч нерсе кылбай интернетте отурууга арнасаңыз;

· Түндө бир канча убакытка чейин уктабай телефон чукуласаңыз.

Телефонго көз карандылыктын аң-сезимге келтирген кесепеттери:

1. Сезимталдыкты жоготот. Телефон аркылуу сүйлөшүү менен биз сезимталдыгыбызды жоготобуз. Клавищадан тамагаларды терип коюу ыңгайлуу, анда мимикалар көрүнбөйт, интонация угулбайт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, жашоосу телефонго байланган адамда бара-бара айланасындагылар менен баарлашуу, алар менен кошо тынчсызданып, кайгы-кубанычын бөлүшүү деген сезимдер жок болуп калат.

2. Жумушка болгон жөндөмдүүлүктү азайтат. Телефонго болгон көз карандылык адамдын мээсин алаксытып, толук кандуу жумуш кылуусуна тоскоолдук жаратат. Анткени билдирүү келгенин эскертүүчү сигналдар көңүлүбүздү буруп, оюбуздун бир жерге чогулушуна жол бербейт. Мындан улам жумушка болгон дитибиз менен бериле албайбыз, анткени качан болбосун билдирүү келип, аны ачканга даяр турабыз.

3. Депрессияга жетелейт. Телефонго алаксыганда жалгыздык, зеригүү, депрессия сыяктуу сезимдерден убактылуу арылабыз деп ойлойбуз. Тескерисинче, интернет бул сезимдерди күчөтөт. Анткени социалдык тармактардагы башкалардын бактылуу сүрөттөрүн көрүп, постторун окуп, “эмне үчүн бул бактылуу да, мен бактысызмын” деген ойго жетеленет, бул болсо адамды андан бетер депрессияга түртөт.

4. Стрессти пайда кылат. Жогоруда айтылгандай, телефон адамды жумуштан алаксытат. Натыйжада убагында бүтпөй калган жумуштар чогула берет. Качан бүтүрүш керек болгондо жетишпей, андан улам тынчсыздануу стрессти пайда кылат. Ошондой эле телефондун кубатынын түгөнүп калышы, көчөгө чыкканда телефонду үйгө унутуп калтырып кетүү, анын жоголушу кадимкидей стрессти чакырат.

5. Уйкунун бузулушуна жеткирет. Смартфонду ашыкча көп пайдалануу уйкунун бузулушуна алып келет, а уйкунун адамдын психологиясына олутуу таасири бар экенин баарыбыз билебиз. Тактап айтканда, уйку эс тутумга, тигил же бул нерсени так ойлонууга таасир этет.

Ден соолукка келтирген кесепеттери: 

1. Омурткаларды кыйшайтат. Телефонго үңүлгөн адам башын алдыга созуп, моюнун бүкүрөйтүп отурат. Натыйжада омурткалардын өйдөңкү бөлүгүнө күч келет да, моюнда, ийиндердин айланасында оору пайда болот. Омурткалардын түз болуп, койкойгон басык келишимдүүлүктү эле жаратпайт, ал мээге адам өзүнүн күчүнө ишенери, бардык ишти жасай алары тууралуу сигналды жиберип турат.

2. Көздүн көрүүсүн начарлатат. Бүгүнкү күндө адам мобилдик телефондун кичинекей экранынан чоң көлөмдөгү маалымат алат. Анысы аз келгенсип смартфонду же планшетти басып баратып, унаада кетип баратып колдонот. Анан 8 сааттык жумуш убактысы бүткөнчө компьютердин маңдайында отуруп, үйгө келгенде телевизор көрөт. Мунун баары көзгө болуп көрбөгөндөй күч келтирет.

3. Ашыкча салмак кошот. Эгер мурун бир нерсе керек болсо сыртка чыгып дүкөнгө бара турган болсок, азыр бир нече баскычты басып коюп эле каалаган нерсебизди үйгө алдырып ала турган заманга баратабыз. Кыймылсыз жашоого үйрөткөн мындай көрүнүштөр бир нече оорулардын себепчиси болот. Алардын эң негизгиси – ашыкча салмактуулук. Ашыкча салмакты пайда кылган дагы бир учур – тамакты ченеминен ашыкча пайдалануу. Адам экрандан көзүн албай тамактанууда желген тамактын өлчөмүн билбей калат.

4. Иммунитетти түшүрөт. Социалдык тармактар менен “ооруган” адамдар сасык тумоо менен 30 пайызга көп оорушат. Анткени алар жогоруда айтылгандай стресске көп кабылышат. Стресс абалындагы чыңалуу анан кайра жеңилденүү абалдарынын алмашышы организмдеги кортизоллдун деңгээлин өзгөртүп турат. А кортизол иммундук система менен түздөн-түз байланышта. Мындан тышкары интернеттин фанаттары адамдар менен реалдуу түрдө аз сүйлөшүшөт, демек, микробдордон өздөрүн чектеп алышат. Ошондой эле алар таза абага аз чыгышат, спорт менен машыгышпайт, тамеки чегишет, толук кандуу уктап эс алышпайт. Мунун баары иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет.

5. Жүрөк-кан тамыр ооруларын чакырат. Монитордон көз албай отуруп тынымсыз ичилген чай, кофе, энергетикалык суусундуктар жүрөктүн ишине терс таасирин тийгизет. Ошондой эле бир орунда көпкө отуруу кан айлануу системасын бузат. Буга 12 саат бою интернетте отурган баланын тромбу жарылып каза болгон окуясы мисал болот.

Телефонго болгон көз карандылыктан кантип арылуу керек

Спорт менен машыгыңыз. Спорт депрессиядан арылууга жардам берет. Денеге физикалык күч келген убакта организм “бактылуулук” гормонун бөлүп чыгарат.

Гезит-журнал окуңуз. Интернетке болгон көз карандылыкты дарылоодо гезит-журнал, китеп окуу жардамга келет. Күн сайын окууну эреже кылып алсаңыз, бир нече күндөн кийин ал сиздин кадимки жакшы адатыңызга айланат.

Будильник-саат сатып алыңыз. Телефонго байлануу адатта күн сайын эртең менен андагы будильник иштегенде башталып кетет. Андыктан, кадимки будильник сатып алыңыз.

Кол саат тагыныңыз. Интернет фанаттарынын “мен телефондон болгону саатты карайм” деген шылтоосу бар. Бирок алардын “саатты эле караганы” бир нече мүнөттөн саатка созулуп кетиши мүмкүн. Андыктан кол саат тагынуу да виртуалдуу жашоодон чыгууга кайсы бир деңгээлде жардам берет.

Убактыңызды көзөмөлдөңүз. Алгачкы учурларда телефонуңузга убакыт режимин орнотуп коюңуз. Мисалы, бир саатка коюп, сигнал болгондо канчалык кызыктуу тема талкууланып жатпасын, социалдык тармактардан дароо чыгып кетиңиз. Күндөн-күнгө белгиленген мүнөттү азайтып кете бересиз. Же болбосо тескерисинче сигнал берилмейинче социалдык тармактарга баш бакпаганга үйрөнүңүз. Мында барган сайын убакытты көбөйтүүгө туура келет.

Сыр сөз орнотуңуз. Өзүңүз сүйгөн сайттарга кирүүнү татаалдаштырып коюңуз. Мисалы, ар бир кирген сайын татаал сыр сөз жазып кире турган кылып койсоңуз, аны улам сайын терүүдөн эринип, бара-бара каалоо жоголот.

Айназик Раимкулова

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: