Menu

Песков Путин менен Порошенконун жолугушуусу тууралуу сөздөрдү четке какты

Бөлүшүү:

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков өзүнүн президент Путин тууралуу сөзүн айрым басылмалар өзгөртүп берип жатканын айтып чыкты.

Жекшембиде айрым маалымат каражаттары Песковдун “Россия-1” телеканалы үчүн курган маегинде Путин менен Порошенконун коомчулукка жарыяланбаган жолугушуулары бар экенин билдиргенин жазышкан. Орусиялык агенттиктердин Песковдун сөзүнө шилтеме берип жазган маалыматтарын расмий Киев дароо жокко чыгарган.

“Россия-1” телеканалынын кабарчысы Путин менен Порошенконун акыркы жолугушуусу качан болгонуна кызыгып, “өткөн жылы алардын айрым байланыштары маалымат каражаттарына бир айдан кийин гана кабарланганын” кыйыткан.

Былтыр май айында украин президенти эки ай мурун Орусиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып чыккан. Бул сүйлөшүү тууралуу учурунда Кремл үн каткан эмес.

Песков ТАССтын кабарчысы менен болгон маегинде “Эч ким эч кандай жолугушуу тууралуу айткан эмес. Мен маекте мындай жолугушуулар болгонун айткан эмесмин” деп түшүндүргөн.

Ал сөз Путин менен Порошенконун жолугушуулары тууралуу болбогонун, президенттин бардык эле жолугушуулары, байланыштары ачык айтыла бербестигин эскертип, бул кадимки жумуш тартиби экенин билдиргенин ТАСС жазып чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: