Menu

Ит жылында төрөлгөн балдар кандай болушат?

Бөлүшүү:

Чыгыш ойчулдарынын айткандарына таянсак, Чыгыш календары боюнча кайсы жыл болсо, ошол жаныбардын айрым мүнөздөрү ал жылы төрөлгөн балдарга берилет экен. Белгилүү болгондой, Ит жылы кирип келди, ага ылайык төмөнкү макаладан 2018-жылы төрөлгөн балдар кандай сапаттарга ээ болорун алдын ала билип алууга болот.

Достукка бекем

Бул жылы төрөлгөн балдар башкалар менен мамиле түзгөндү, айланасындагыларды өзүнө тартып, чыныгы достукту курганды жакшы билишет. Алардын көп деле досу болбойт, ал эми иргелип калгандарына өтө ишенимдүү, берилген дос болуп бере алышат.

Активдүү

Ит жылында төрөлгөн балдардын ата-энелери эч качан зеригишпейт. Ит-балдар дайыма кыймылда болгонду жакшы көрүшкөндүктөн өз алдынча болуп калгыча ата-энесин чарчатат. Чоңойгондо да кыймылдуу жашоо образын тандайт.

Окуусунда маселе жаратпайт

Окууга берилгендиктен тапшырмасын да чоңдордун көзөмөлүсүз эле аткарышат. “Жок”, “болбойт” деген сөздөрдү кадимкидей эле кабыл алып айтканга көнгөн балдар болушат.

Үй-бүлөсүн сүйөт

Ит жылында төрөлгөн балдар куунак, ачык-айрым келишет жана үйүн, үй-бүлөсүн өзгөчө сүйүшөт. Жаш курагына карабай мындай адамдар өзүнүн үй-бүлөсүн, досторун эч качан жер каратпайт.

Алсыздарды коргойт

Өзүнөн кичүүлөрдү жана алсыздарды ар дайым коргоп жүрөт. Мындан улам сыйга татыйт. Бул балдар карама-каршылыкка барууну каалашпайт, кырдаалды өзүндөгү дипломатиялык жөндөмүнө салып тынч жолго салганга аракет кылат, ага болбосо гана каршылашынын өзүнүн мамилесине жараша жооп кайтарат.

Келечекти жаштайынан ойлонот

Бул балдардан кичине кезинен эле барчылыкта, ыңгайлуулукта жашоого болгон каалоо байкала баштайт. Жолуна берген акчаңыздан үнөмдөп чогултуп, келечекти жаштайынан ойлоно баштайт.

Оң сапаттары:

–      Адилеттүү;

–      Эр жүрөк, туруктуу;

–      Жашоонун оор кырдаалдарын татыктуу жеңүүгө жөндөмдүү;

–      Өзүнө ишенимдүү;

–      Оптимист;

–      Башкалардын сырын бекем сактай билет;

–      Жакын адамдарына ишеничтүү.

Терс сапаттары:

–      Өтө эле тынчы жок;

–      Башкалардын ишине аралаша берет;

–      Өзүмчүл;

–      Майдачыл;

–      Баарын жүрөгүнө жакын кабыл алып, бат таарынат;

–      Ашыкча көп сүйлөөк.

Ит жылында төрөлгөн баланы тарбиялоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл?

·         Бул балдар чыккынчылыкты кечире алышпайт. Мындай мамиле алардын жүрөгүнө катуу тиет. Андыктан алардын ата-энелери мындай кырдаалды мүмкүн болушунча жаратпоого аракет кылуулары зарыл. Ал эми чоң жашоодо мындай адамдар сөзсүз кезигерин айтып, аларды кечире билүүгө үйрөтүү керек.

·         Ит-балдар дайыма өздөрү тууралуу унутуп, башкаларга кам көргөндү жакшы көрүшөт. Такай башкалардын маселелеринин үстүндө жүргөн мындай балдар же өтө эле мамилечил, же түнт болуп калышат. Бул экөөнүн бирин баладан байкаган ата-эне сүйлөшүү жолу менен баланын тынчсыздануусунун себебин билүүгө тийиш.

·         Мындай балдар командалык оюндардын лидери болушат. Андыктан баланы спорттун мындай түрлөрүнө берген ата-эне жаңылышпайт.

Келечеги кандай болот?

2018-жылы төрөлгөн балдарга келечек ийгиликтер менен жетишкендиктерди гана камдап турат. Чоң сүйүү, чоң үй, жакшы жумуш… Астрологдордун айтымына караганда, бул жылкы балдар кийин чоңойгондо сүйүктүү адамы үчүн чоң курмандыкка барат, ошого жараша сүйүктүүсү аны актайт.

Жумушта да жакшы ийгиликтерге жетишет.

Нуриса БАЯЛИЕВА

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: