Menu

Токтогулда дарыяга төгүлгөн күйүүчү майдан балыктар кырылып атат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сууга төгүлгөн күйүүчү майдын айынан балыктар кырылып жатат. Бул тууралуу райондун акими Майорбек Сатымкулов билдирди. Анын айтымында, аймакта жайгашкан балык чарбасынан тонналаган балыктар өлүмгө учураган.

Учурда тиешелүү кызматтын өкүлдөрү чыгымдын өлчөмүн эсептеп жатышат. Айрым маалыматтарга караганда, 7 тоннадай балык кырылган.

20-январдын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган автоунаа дарыяга кулап, бир адам каза болуп, эки киши жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча унаада 38 тонна бензин болгон. Автоунаа дарыядан чыгарыла элек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: